DOLON MEDIA

Милиция

Нарын милициясынын жетекчилеринин бири ардактуу эс алууга кетти

Нарын облусттук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Мадланбек Турпанбаевди эмгек жамааты ардактуу эс алууга узатты. Ага Нарын ОИИбдин жетекчиси Жолболду Кочконов, өздүк курам катышты. Милиция кызматынын полковник чинине чейин жеткен М. Турпанов кыргыз милициясына өз өмүрүнүн 36 жылын арнаган.”Мадланбек Турпанбаев өз ишин мыкты билген, жаштарга өмүрү өрнөк болчу адам, кызматкерибиз катары баалайбыз, …

Нарын милициясынын жетекчилеринин бири ардактуу эс алууга кетти Толугу менен »

Нарын ОИИБ де кадрлар алмашты

2-мартта Нарын ОИИБ жетекчиси Жолболду Кочконов Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругуна ылайык жаңы келген кадрларды өздүк курамга тааныштырды. Ал буйрукка ылайык Нарын облусттук ички иштер башкармылыгын башчысынын орун басарына милициянын подполковниги Максат Думанаев, ал эми тергөө кызматынын башчысына милициянын подполковниги Үмөталы Мусаев дайындалды. Бул маалыматты Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Нарын ШИИБдин кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды

Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга” шектелип кармалды. Бул тууралуу 16-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-мартында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына З.К. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда Нарын шаарындагы оюн-зоок мекемелеринин биринде аны белгисиз адамдар эч себепсиз …

Нарын ШИИБдин кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды Толугу менен »