DOLON MEDIA

Коом

Орозо Айт майрамы 21-апрелде белгиленет

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей Орозо Айт 21-апрелде белгиленет. Орозо айыныны башталышы жана аякташы айдын жаңыруусуна карап аныкталат. Ошондуктан Рамазан айы айрым учурда 29 күн, айрым учурда 30 күн болот. Орозо Айт майрамы Ыйыйк Рамазан айыныны аякталышы болуп

Сүрөт баян: Нарын шаарында 2700 түп көчөт тигилди

Бүгүн, 15-апрелде Нарын шаарында массалык көчөт отургузуу иш-чарасы уюштурлуп, анын алкагында 2700 түп көчөт тигилди. Башкача айтканда, шаардын  Москва чөлкөмүндөгү М.Жусаев атындагы паркка, МДС чөлкөмүндөгү эски күмбөздүн ордуна демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген көк карагайдын, ак кайыңдын жана теректин көчөттөрү отургузулду. Ага калаадагы облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардан кызматкерлер тартылды. “Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу” программасынын алкагында  …

Сүрөт баян: Нарын шаарында 2700 түп көчөт тигилди Толугу менен »

Нарын шаарында аралыка чуркоо боюнча чемпионат өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде Нарын шаарында үч чакырым аралыка чуркоо боюнча Нарын облусунун 1-ачык чемпионаты өтөт. Мелдеш төмөнкү жаш курак категориялар боюнча өтөт: – 14-17 жаштагылар (кыздар/балдар); – 18-25 жаштагылар (эркектер/айымдар); – 26-35 жаштагылар (эркектер/айымдар); – 36-45 жаштагылар (эркектер/айымдар); – 46-55 жаштагылар (эркектер/айымдар); – 56 жаштан жогоркулар (эркектер/айымдар); – майыптыгы бар адамдар арасында (эркектер/айымдар). Жеңүүчүлөр  Нарын …

Нарын шаарында аралыка чуркоо боюнча чемпионат өтөт Толугу менен »

Асылбеков: Каражатыбыз жана техниларыбыз жок

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы “Турук” көмүр кенинен көмүр казууга жаңы түзүлгөн “Ак-Талаа көмүр” мамлекеттик ишканасы көмүр казууга даярдыгы канчалык деңгээлде, учурда эмне иштер аткарылып жатат жана башка суроолор менен  “Ак-Талаа көмүр” ишканасынын жетекчиси Жаныбек Асылбеков менен маектештик. Алгач, “Турук” көмүр кенинен көмүр казууга мамлекеттик ишкана түзүлгөндүгү кабарланган. Жаңы түзүлгөн ишкана тууралуу айтсаңыз? Асылбеков: Калкты өз …

Асылбеков: Каражатыбыз жана техниларыбыз жок Толугу менен »

Социалдык келишимдин негизинде 85 адамга сертификаттар тапшырылды

Нарын шаары жана Нарын району боюнча  “Үй-бүлөгө көмөк”  жөлөкпулун  алуучу  85 жарандын ар бирине 100 миң сомдун сертификаттары тапшырлды. Муну менен быйыл облусу боюнча  577 аз камсыз үй-бүлөгө “Социалдык келишимдин”  алкагында  ишкерлик баштоо үчүн социалдык жардамдар берилди. Долбоорго сунушталган аз камсыз жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөрдүн   26 багыттагы  157 кичи долбоорлору жактырылып, алардын бардыгына сертификаттар Жогорку …

Социалдык келишимдин негизинде 85 адамга сертификаттар тапшырылды Толугу менен »

Сүрөт баян: Белдемчи-байыркы доордон бери келе жаткан кийим

Белдемчи- аялдардын төрөп түшкөндөн кийин белден ылдый тартылуучу сырткы кийими. Ал баркыт, нооту жана башка кездемелерден этеги жазы, жогорку бөлүгү кууш, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Жээктери саймаланып, кундуз карматылып, чачыланып кооздолуп,  жазда, күздө, айрыкча кыш мезгилинде тартынышкан. Белдемчи кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү, түсү боюнча айырмаланып,  анын кийүүчү кишинин жашына, өңүнө, тулку боюна, жараша тигилет.  Илгертен …

Сүрөт баян: Белдемчи-байыркы доордон бери келе жаткан кийим Толугу менен »

Долбоордун кемчиликтери оңдоло баштады-сүрөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы “Нарын шаарында таза суу жана канализация тутумдарын реконструкциялоо” долбоорунун алкагында шаардын Москва чөлкөмүндөгү Кирпич аймагындагы 300 метр таза суу түтүгүн алмаштыруу  жана мерчемделген жерлерге сууну жөнгө салуучу жабдууларды коюу иштери башталды. Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка таянсак, учурда “Минур” ишканасынын  аракети менен 6 басымдагы сууга жана …

Долбоордун кемчиликтери оңдоло баштады-сүрөт Толугу менен »

Сайма өнөрүн өркүндөтүү колго алынууда

Бүгүн, 13-апрель күнү сайма өнөрүн жайылтуу максатында Нарын шаарында  биринчи жолу “Сайма жана белдемчи” илимий-практикалык көргөзмөсү өттү. Иш чара  Президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, сайма түшүрүлгөн туш кийиз, жүн менен токулуп жасалган панолордун,  белдемчи жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү уюштурулуп, сайма өнөрүн үйрөнүп жаткан айымдардын мастер-класстары көрсөтүлдү. “Сайма кыргыздын улуттук кийимдеринин ичинен белдемчиге көбүрөөк …

Сайма өнөрүн өркүндөтүү колго алынууда Толугу менен »

Быйыл 577 үй-бүлөгө социалдык жардам берилет

Үстүбүздөгү жылы Нарын облусу боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучу 577 аз камсыз жаранга  100 миң сомдон берилет. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алар даярдап келген долбоорлрдун бардыгы жактырылган. Долбоор сунуштаган үй-бүлөлөр 26 багыт боюнча ишкерлигин баштоону көздөшүүдө. Алардын  көпчүлүгү  тигүү цехтерин ачууга, соода- сатык жасоого, сүт багытындагы уй алууга, майда жандыктарды алып сатууга, …

Быйыл 577 үй-бүлөгө социалдык жардам берилет Толугу менен »

Айымдарга билим берүү багытында бизнес баштоого каражат бөлүндү

Үч облуста ишкер айымдарга билим берүү жаатында бизнес баштоо үчүн 2,8 млн сом бөлүндү. Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 11 ишкер аял балдарды эрте өнүктүрүү борборлорун ачууда 2,8 млн сом гранттык каржылоо алышат. Бул акча бала бакчалар менен билим берүү борборлору үчүн эмеректерди жана окуу куралдарын алууга багытталат. Бул демилгенин алкагында 62 ишкер бала-бакча жана …

Айымдарга билим берүү багытында бизнес баштоого каражат бөлүндү Толугу менен »