DOLON MEDIA

Нарын: Баш мыйзамдын 30 жылдыгы белгиленди


Бүгүн, 4-майда М.Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүндө Нарын райондук мамалекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Кониституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын белгиледи. Алгач КР Мамлекеттик туусу салтанаттуу түрдө сахнага алынып чыгып, мамлекеттик Гимни жаңырды.

Иш-чарада  район башчысы Нуридин Мадимаров КРнын баш мыйзамы мамлекеттин  түзүлүшүнө, укуктук  негиздеринин калыптанышы менен Кыргызстандык ар бир жарандын эркин жана татыктуу  жашоосу үчүн негиз болуп бергенин айтып, Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап, мамлекетте биримдик, ынтымак жана өнүгүү болушун тилек кылды.

Салтанатта 18 жашка толгон мектептин алдыңкы 20 окуучусуна Кыргыз Республикасынын Кониституциясы тапшырылды. Ошондой эле өткөн жылдын 15-17-сентябрындагы Баткен окуясындагы куралдуу кагылышууда  окко учкан Эчки-Башы айлынын тургуну  Алмаз уулу Бейкутка жана Оттук айлынын тургуну Нурсултан Жаныбековго Нарын районунун “Ардактуу атуулу” наамдары ыйгарылды.

Соңунда мектеп окуучулары мамлекеттик атрибуттар, өлкөнүн эгемнедиги не арналган ырларды көркөм айтып, атуулдук ырлар аткарылды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.