DOLON MEDIA

Жумгал: Соң-Көл жайлоосуна кеткен туристтер куткарылды


Соң-Көл жайлоосуна кеткен төрт  канада өлкөсүнүн  жана эки кыргызстандык  жарандар аман-эсен табылды.

ӨКМнин маалымат кызматы тараткан маалыматка таянсак, алар ушул жылдын  30-апрель күнү Соң-Көл жайлоосунан Молдонун-Бели ашуусу аркылуу Ак-Талаа районуна Toyota Sequoia үлгүсүндөгү унаа менен кетип,  байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө-иштерин жүргүзүүгө Жумгал райондук №43 ӨКБдан авриялык куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу жана туугандарынан 1 адам тартылган.

“Жогоруда аталган жарандар Соң-Көл жайлоосунан  аман-эсен табылып,  унаасы карга тыгылып калгандыгы аныкталган. Абалдары туруктуу. Куткаруучулар тыгылып калган унааны чыгарып беришип, жардам көрсөтүшкөн”,деп айтылат малыматта.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.