DOLON MEDIA

Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери бар


Өлкөнүн бардык аймактарда 9-майда фашизмге каршы согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата эскерүү митингдери өтөт. Учурда Нарын облусунда дагы Улуу Жеңишти белгилөөгө даярдыктар көрүлүүдө. Нарын шаарында эскерүү иш-чарасы  “Тянь-Шань” паркындагы  “Өчпөс отто” белгиленип, №2025  аскер бөлүгүндө “солдат боткосу” берилет.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка Нарын облусунан 19 миң 237 жоокер катышкан. Алардын ичинен   8 миң 104 жоокер мекенине аман-эсен кайтып келсе, 11 миң 133 жоокер окко учкан  жана согуш  талаасында дайынсыз жоголгон.  Учурда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери  Нарын шаарында  Тукеш Токтомушев, Ат-Башы районунда Сатынды Жапаров жана  Тапа Керимкулов үй-бүлөсү менен бактылуу карылыкты кечиришүүдө.  Ал эми Ооруктун 18 ардагери, согушта окко учкан  40 жоокерлердин жубайы, 44 согуштун майыбынын жубайлары бар.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын 7 миң сом акчалай компенсациялар жана  айына 10 миң сомдон Президенттин өмүр бою берилүүчү стипендиясы төлөнүп келет, деп билдиришти Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн.

Маалымат үчүн белгилесек, Өлкө башчы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку каражат бөлүп берүү жөнүндө тескемеге 10-апрелде кол койгон. Ага ылайык, учурда  Кыргызстандын аймактарында жашап жаткан Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагеринин ар бирине 100 миң  сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Алар Улуу Ата Мекендик согуштун  катышуучулары, майыптары, согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка жайларда мажбурлап кармалган жашы жете элек туткундары болгондор, блокада учурунда Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана “Ленинградды коргогондугу үчүн” медалы жана   “Блокадалык Ленинграддын жашоочусу”  белгиси менен сыйланган ардагерлер.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.