DOLON MEDIA

Нарын: Аруукенин ата-энесине акчалай жардам берилди


Нарын районунун акиминин орун басары Анара Орозказиева Орто-Нура айылында өлтүрүлгөн 7 жаштагы Аруукенин ата- энесинен кабар алды. Ата-энесине көңүл айтып, райондук мамлекеттик админстрациядан 10 миң сом акчалай жардам тапшырды.

Жөлөк пул алган үй-бүлөнүн тамынын документи бүтө элек. Ага жардам берүү боюнча үй ээлери менен сүйлөшүлдү.  Аны менен катар райондогу алыстан барып келип окуган окуучулардын саны кайрадан такталып, башталгыч класстын окуучуларынын  ата- энелерине балдарын мектептен алып кетүү, же көзөмөлгө алуу сунушталууда.

Мектепте даярдоо классында окуган Арууке 28-апрель күнү окууга кеткен бойдон үйүнө келбей калган. Ата-энеси милицияга кабар берип, айыл эли чогулуп  издөө иштерин уюштуруп  кыздын жансыз денесин айылында киши жашабаган үйдүн ичинен табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилери аныкталган.

 

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, аталган  айылдын тургуну 1959-жылы туулган  жаран мас абалында кармалган.

Аталган факт Нарын РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122 беренесинин (Адам өлтүрүү) фактысы менен кылмыш иши козголуп,  тийиштүү экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүү Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде, Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул факт ИИМдин жана Нарын ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.