DOLON MEDIA

Калаадагы эки парк оңдолуп, шарттар жакшыртылат


Нарын шаарынын мэри калаанын борборунда орун алган  “Тянь-Шань”  жана “Роза Өмүрзакова”  атындагы парктары реконструкциялана турганын  билдирди.

Анын айтуусунда,  парктар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалып, шаардын борбордук бөлүгүндөгү жашоочулардын эс алуусуна шарт түзүлөт.

Бул парктар 1970-жылдары салынганы менен андан бери  бир да жолу  ондоп-түзөөдөн өткөн эмес. Каралбагандыктан эскилиги жетип ичиндеги  арыктар, тротуарлар талкаланган, бактар куурап калагандыктан, шаар бийлиги аларды  кайра калыбына келтирип, заманбап паркка айлантууну көздөөдө.

Алдыда суу тартып келип, тортуарларды оңдоп, ичин жарыктандырып калыбына келтирүү иштери жүрөт. Учурда атайын комиссия паркка эмне жумуштар жасалышы керектигин карап жатышат, андан соң  сметалык баасы эсептелип, канча каражат жумшалаары белгилүү болот.

Нарын шаары боюнча 7 парк, 17 сквер бар.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.