DOLON MEDIA

Алты окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына татыктуу болду


Нарын облусу боюнча 6 бүтүрүүчү “Алтын тамга” артыкчылык серификатына ээ болушту. Бул тууралуу Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун адиси Гүлмира Таранчиева  билдирди.

Анын айтымында, быйылкы 2022-2023-окуу жылында  “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына  облус боюнча 121 окуучу талапкер катары катталган. Алардын арасынан ар кандай себептер менен 10 окуучу тестирлөөгө келген эмес.  “Алтын тамга”  жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга 111 окуучу катышып, жыйынтыгында  6 окуучу артыкчылык  аттестатын алууга татыктуу болушту.

Алардын ичинен төрт окуучу Ат-Башы районунан.  Алсак, Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы мектептен Адинай Таалайбекова, Алима Төрөбекова, Калкан Керималиев атындагы мектептен Айжан Абдырасулова жана  Баян Коногалиева.  Нарын шаарынан  №2 В.Чкалов атындагы мектептен Алтынай Жолдошбекова жана  М.Субакожоев атындагы балдар лицейинен Жанбол Жаркынбаев.

Ал эми Ак-Талаадан 16,  Жумгалдан 6,  Кочкор районунан 22, Нарын районунан 13 бүтүрүүчү катышып ийгилик көрсөтө алышкан эмес. “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация 25-апрелде Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борбору тарабынан өткөрүлгөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.