DOLON MEDIA

Ат-Башыда “өзгөчө кырдаал” киргизилди


2- майда жааган кардын кесепетинен Нарын облусунун айрым райондорунда өзгөчө абал түзүлдү.

Ат-Башы районунда  акимдин  буйругу менен 3-майдан баштап “өзгөчө кырдаал” киргизилди. Арпа жайлоосундагы 5 үй-бүлө миңге чукул бодо мал, бир жарым миңдин тегерегинде майда жандык менен калышкан. Райондук админстрациядан кабарлашкандай, адамдардын ден соолугу жакшы муктаждыктары жок,  малга 680 түк чөп жеткирилди.

Эске салсак мындай абал Ак-Талаа районунда да түзүлгөн. Райондук жол тейлөө мекемесинин техникалары менен жайлоонун Кескен-Таш жерине чейин жол тазаланган.

Бүгүн,5-майда  акимдин орун басары Улан Жылтыровдун маалыматы боюнча жайлоодо аба ырайы турукташып, кар эрип кеткенине байланыштуу мал жайытка чыгарыла баштады.

“Мал ээлери жана бадачылар малды убактылуу артка кайтаруу кажети жок экенин айтышты. Ал эми тоют кайра алынып келинди. Абалды дале көзөмөлдөп, кабар алып жатабыз” ,-деди ал.

Өзгөчө кырдаал министрлиги маалымдагандай  2-6-майда аба ырайы туруксуз болуп, үшүк жүрөт. Ошондуктан малчыларды, жашоочуларды жайлоолорго чыкпай турууга эскертет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.