DOLON MEDIA

Башкы тема

Нарын:“Куланак” каналынын куруу уланууда

Нарын районундагы өзү агып чыгуучу “Куланак” каналынын курулушу уланууда. Бул каналга суу “Куланак” ГЭСинин плотинасынан келет. Учурда жер жумуштарынын 70 пайызга чукулу бүтүп калды. Тагыраагы, узундугу 5 чакырымды түзгөн каналдын тереңдиги 10 метрге чейин казылып, техниканын күчү жетпеген жерлеринде жардыруу жумуштары жасалууда. “Куланак өрөөнүнүн борбордук бөлүгүн сугат суусу менен камсыздоо” долбоорунун техникалык көзөмөлдөөчүсү Анарбек Сокеевдин …

Нарын:“Куланак” каналынын куруу уланууда Толугу менен »

Той-аштарга чектөө киргизилеби?

Маркумду узатуу, үйлөнүү той, кыз узатуу жөрөлгөлөрүнө чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, маркумду узатууда «үчүлүк», «жетилик», «кыркылык», «жылдык» өткөрүүгө болбойт. Үйлөнүү үлпөтү менен кыз узатууда коноктордун санын чектөө менен андагы «кийит кийгизүү», «себет берүү», «конок берүү», «түштөндүрүү» сыяктууларга тыюу салынат. Ага моюн сунбагандарга айып пул салуу каралган. Долбоорду Жогорку Кеңештин …

Той-аштарга чектөө киргизилеби? Толугу менен »

Жумгал: Хоккей боюнча райондун XIII республикалык ачык кубогу өттү

25-26-январь кундөрү Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында Жумгал районунун XIII республикалык ачык кубогу өттү. Мелдешке Ысык-Көл облусунан эки, Жумгал районунан төрт, Нарын шаарынан келген бир, жалпы 7 команда муз үстүндө күч сынашты. Жалпы байге фонду 300 миң сомду түзгөн оюндун жыйынтыгында Нарын шаарынан барган  “Нарын шумкарлары” командасы биринчи орунду камсыздап, кубок жана 70 миң сом …

Жумгал: Хоккей боюнча райондун XIII республикалык ачык кубогу өттү Толугу менен »

Жол тескөөчүлөргө боди камералар тапшырылды

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жол тескөөчүлөрү мындан ары облус аймагындагы жол кыймылын камсыздоодо боди камералар менен иш алып барышат. Бөлүмдөн билдиришкендей, шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн  кызматкерлерине саптык кароо өтүп, күнүмдүк кызматка чыгууда ар бир кызматкердин төшүндө байкап туруучу  27 боди камералар тапшырылды. Камера менен Нарын облустук ички …

Жол тескөөчүлөргө боди камералар тапшырылды Толугу менен »

Нарын-Баетов унаажолунун 39-40 чакырымы жабылат

Бүгүн, 27-январдан баштап Нарын-Баетов унаажолунун 39-40-чакырымы убактылуу жабылат. Бул тууралуу, “Куланак өрөөнүнүн борбордук бөлүгүн сугат суусу менен камсыздоо” долбоорунун техникалык көзөмөлдөөчүсү Анарбек Сокеев билдирди. Маалыматка караганда, Нарын районунун Куланак айыл аймагындагы “Куланак” каналын куруу долбоорунун алкагында көпүрө салуу жумуштарына байланыштуу Нарын-Баетов жолунун 39-40-чакырым тилкеси  (Бактерек-Жылуу суу аралыгы) жабылат. Көпүрө курулушу толук бүткөнчө  автоунаалар убактылуу салынган …

Нарын-Баетов унаажолунун 39-40 чакырымы жабылат Толугу менен »

Кочкор: Каракчылык фактысына шектүү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын  7-январында Дөң-Алыш айылында болгон каракчылык фактысына шектүү эл аралык “Манас” аэропортунан чет өлкөгө учуп кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө аталган айылдын тургуну   арыз менен кайрылып,  7-январда болжол менен саат 02:00 чамасында  бет капчан белгисиз адамдар  үйүнө кирип, үй ээлеринин денесине …

Кочкор: Каракчылык фактысына шектүү кармалды Толугу менен »

“Интернетсиз күн”

Ж.Коңурбаева атындагы  Нарын шаардык борборлоштурулган  китепканасында “Интернетсиз күн” деп аталган иш-чара өтүп, ага 7-класстын окуучулары чакырылган. Анда китепкана кызматкерлери окуучуларга интернеттин пайдалуу жана зыяндуу жактарын бөлүп көрсөтүп, интеллектуалдук оюндардын жардамы менен балдарды гаджеттерди туура пайдалануу боюнча түшүндүрүү  иштерин жүргүзүштү.

Курулушта ката кетирген компаниялар лицензиясынан ажырайт

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында курулушта одоно ката кетирген компаниялар болсо лицензиялары алына тургандыгы айтылды. Мындай пикирин Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай-жарандык курулушу департаментинин директору Ислан Момоконов билдирип, департамент  тарабынан курулуш компаниялардын кара тизмеси даярдалганынайтты. Анын айтуусунда, Нарын облусу боюнча кара тизмеге кирген курулуш компаниялары азырынча жок, бирок …

Курулушта ката кетирген компаниялар лицензиясынан ажырайт Толугу менен »

Кызамык оорусу күч алууда

Өткөн жылдын январь айында кызамык оорусунун 27 учуру катталса, үстүбүздөгү жылдын 22-январына карата 30 учур катталды. Нарын райондор аралык мамлекеттик санепид көзөмөлдөө борборунун врач-иммунологу Гүлай Дуулатова ооругандардын көбү 14 жашка чейинки балдар жана  эмдөө албагандар экенин билдирди. Райондор боюнча алсак, 15 учуру Нарын шаарында,  6 учуру Нарын районунда, 5 учуру Ат-Башы,  Кочкордо  2, Жумгал менен …

Кызамык оорусу күч алууда Толугу менен »

Кочкор: Бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилген

Кочкор районунда бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн (азыр Ормон-Хан айыл өкмөтү) жана Кочкор райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануу менен аталган айыл аймакта жайгашкан бала бакчанын имаратын жана жер тилкесин …

Кочкор: Бала бакчанын имараты жана жери мыйзамсыз менчиктештирилген Толугу менен »