DOLON MEDIA

Курулушта ката кетирген компаниялар лицензиясынан ажырайт

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында курулушта одоно ката кетирген компаниялар болсо лицензиялары алына тургандыгы айтылды. Мындай пикирин Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай-жарандык курулушу департаментинин директору Ислан Момоконов билдирип, департамент  тарабынан курулуш компаниялардын кара тизмеси даярдалганынайтты. Анын айтуусунда, Нарын облусу боюнча кара тизмеге кирген курулуш компаниялары азырынча жок, бирок кандидаттар бар.

Ошондой эле ал курулуштун көпчүлүгү 2022-2023-жылы башталган объектилер экенин белгилеп, кээ бири 2015, 2017-жылы башталып, курулушу жай жүрүп жаткандыгын айтты.

Нарын облусунда өткөн жыл ичинде  11 социалдык объекти курулса анын бешөө мектеп имараты. Бул объетилер республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен курулса, түрткү берүүчү гранттын эсебинен беш футбол аянтчасы колдонууга берилген.  Ал эми быйыл 19 объекттин курулушу пландалууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.