DOLON MEDIA

Башкы тема

Кыргызстанда күйүүчү май арзандады

Кыргызстанда күйүүчү май бир айдын ичинде орточо 5-6 сомго арзандады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, бензин 10-декабрда 3 сомго, кечээ дагы 3 сомго чейин төмөндөгөн. “Мындай арзандатуу калган күйүүчү майды сатып түгөтүү максатында киргизилген. Көпчүлүлүк колдонгон АИ-92 бензини ар кайсы компанияда ар кандай баада сатылып жатат. Өлкөдө орто эсеп менен …

Кыргызстанда күйүүчү май арзандады Толугу менен »

Өзбекстанда күнүнө 10 миң кадам баскандар шыктандырылат

Өзбекстанда 2025-жылга карата мамлекеттик программанын алкагында жаңы “Миллион жашыл үй-бүлө” долбоору сунушталууда, деп маалымдайт Өзбекстан-2030 – калк стратегиясы онлайн порталы. Акциянын алкагында бийлик жөө басууну жайылтуу менен алектенет. Күнүнө 10 миң кадам таштаган жарандарга “Экоактивдүү атуул” макамы берилет. Ал эми эң жогорку көрсөткүчкө жетишкендерге болсо мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө 10 пайыздык жеңилдик, ошондой эле мамлекеттик үлүштөр …

Өзбекстанда күнүнө 10 миң кадам баскандар шыктандырылат Толугу менен »

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда унаа ташуучу унаадан өрт чыкты

Бүгүн, 10-январь күнү  Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 156-чакырымында унааларды ташуучу чоң автоунаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жерине Балыкчы шаары боюнча №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 11:54тө өрт чектөөгө алынып, 12:14тө толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Ак-Талаа: Өсүүсү токтой элек карабактар уруксатсыз кыйылган

Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылында айыл тургундары тарабынан 36 түп карабак уруксатсыз кыйылган. Бактардын уруксатсыз кыйылганы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда белгилүү болгон. Бул факты боюнча акт түзүлүп, келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жалпы суммасы 54 миллион  804 миң 54 сомду түзгөн доо коюлду. Топтолгон материалдар …

Ак-Талаа: Өсүүсү токтой элек карабактар уруксатсыз кыйылган Толугу менен »

Өзбекстанда ашыкча салмак менен күрөшүү долбоору ишке ашат

Өзбекстан ашыкча салмактан жабыркаган калктын үлүшүн 50%, семиздиктин 23 пайызга чейин кыскартууну пландаштырууда. Бул тууралуу “Калктын саламаттыгы – 2030” стратегиясынын долбоорунда каралганын  “Кабар” маалымат агенттиги жазды. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, бул максатка туура тамактануу жана сергек жашоо образын жайылтуу аркылуу жетишүү пландалууда. Айрыкча мектеп жана мектепке чейинки билим берүү тармагында туура тамактанууну камсыз кылуу …

Өзбекстанда ашыкча салмак менен күрөшүү долбоору ишке ашат Толугу менен »

Нарында ашууларда жол ачык, каттам бар

Бүгүн, 9-январга карата  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон, Кызыл-Бел, Ак-Бейит, Түз-Бел жана Арка ашууларында күзөт уюштурулуп, жол тейлөө ишканасынын жумушчулары тазалоо иштерин алып барууда. Маалыматка караганда, Долон, Кызыл-Бел ашуусунда №41 жол тейлөө ишканасынын 13 жумушчусу жана 4 атайын техникасы иш жүргүзүүдө. Ал эми Ак-Бейит, Түз-Бел жана Аркада  №957  жол тейлөө мекемесинин 9 жумушчусу жана 4 атайын …

Нарында ашууларда жол ачык, каттам бар Толугу менен »

Нарында 57 билим берүү мекеменин директорлук орундары бош турат

Нарын облусунда бүгүнкү күнгө  карата 17 мектептин жана 40 бала бакчанын  директорлук орундары бош турат. Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары Сейтек Кошалиев маалымдагандай, Ат-Башы районунда 1, Жумгал  районунда 5, Кочкор  районунда 7, Нарын районунда  4 мектептин директорлук бош орундарына кайра сынак өткөрүлөт. Ал эми Ак-Талаа  районунда 7, Ат- Башыда  6, Жумгалда …

Нарында 57 билим берүү мекеменин директорлук орундары бош турат Толугу менен »

345 айдоочу күбөлүгүнөн ажыраган

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн алынган маалыматка таянсак, өткөн жылы  24 миң  82 айдоочу  ар кандай  жол эрежелерин бузган. Анын ичинен 501 айдоочу мас абалында унаа башкарып жүрүп кармалып, 345и  айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган. Ал эми 35 айдоочуга 3-5-7  күңдүк камак түрүндөгү жаза чарасы колдонулган. Жол эрежелерин бузган  айдоочуларга жалпы 45 миллион 758 миң 500 сом …

345 айдоочу күбөлүгүнөн ажыраган Толугу менен »

Нарында метапневмовирус катталган жок

Нарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун  башкы дарыгери Нуржан Бакалова жаңырган жылдын алгачкы жумасында  Нарын облусунда сасык тумоонун  (курч респиратордук вирустук инфекция) 176 учуру катталып, 62 пайызы 14 жашка чейинки балдар арасында аныкталганын кошумчалады. “Сасык тумоо жыл сайын эле катталуучу оору. Негизинен жылдын 46-жумасында оору күчөйт. Бул метапневмовирус эмес, дүрбөлөңгө …

Нарында метапневмовирус катталган жок Толугу менен »

Сасык тумоо 5 жашка чейинки балдар арасында көп болууда  

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын  40 орунга ылайык Жугуштуу оорулар бөлүмүндө  сасык тумоонун  курч кармагын түрү менен 52 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 6 бейтап чоң адамдар болсо калганы 5 жашка чейинки балдар. Аталган бөлүмдүн башчысы Калбүбү Касмалиеванын айтуусунда,  дарыланып жаткандардын арасында 20дай бейтап пневмония менен келгендер. “Сасык тумоо жыл сайын жүрүүчү оору. Бирок быйыл курч кармап, …

Сасык тумоо 5 жашка чейинки балдар арасында көп болууда   Толугу менен »