DOLON MEDIA

Жумалык: Текшерилүүгө убакыт келди…

“Текшерилүүгө убакыт келди-рактан бир кадам алдыда болгула!” деген ураан алдында рак ооруларын алдын алуу максатында өлкө боюнча жумалык башталды.

Жумалык 1-февралдан 7-февралга чейин жүрүп, алгач аялдардын жатын моюнчасынын жана сүт безинин залалдуу шишик оорулары, андан соң эркектердин ооруларын алдын алуу максатында акысыз текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Кампаниянын негизги максаты – жатын моюнчасынын жана сүт безинин  рагынын алдын алуу жана алар тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу. Илдеттин бул эки түрү аялдар арасында эң кеңири таралган, бирок өз убагында алдын алса, дарылоого мүмкүн болгон оорулардын катарына кирет. Ошондой эле калкка онкологиялык оорулардын коркунуч факторлору, алдын алуу жана эрте аныктоо ыкмалары боюнча маалымат берүү жумалыктын маанилүү  максаттарынан.

Жумалык алкагында  саламаттыкты сактоо уюмдарында жатын моюнчасынын жана сүт бездеринин рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча ачык эшиктер күнү өтөт. Ошондой эле гинекологдордун жана маммологдордун кеңеши, жатын моюнчасынын жана сүт безинин рагын алдын алуу боюнча профилактикалык кароолор акысыз жүргүзүлүп, кеңештер берилет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.