Заладуу шишик ооруларынын бардык көрсөткүчтөрү Нарын облусунда жогору. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу эмес оорулар бөлүмүнүн башчысы Аида Султангазиева билдирди.
Ал аталган дарттын аныкталышы жана өлүм көрсөткүчү Нарын облусунда жогору экенин белгилеп, анын себебин жарандардын өз саламаттыгына кайдыгерлиги жана оору боюнча маалымдуулугунун төмөндүгү менен түшүндүрдү.
“Залалдуу шишик оорусун ар бир адам өзүнөн баштап алдын алуусу керек. Ден соолугуна кайдыгер карабашы зарыл. Жер-жерлерде бул оору, кесепеттери тууралуу маалымдуулукту жогорулатпасак, дарт көбөйүүнүн үстүндө болуп жатат. Ошондой эле акыркы статистикалык маалыматтарга караганда илдет 25-27 жаштагы кыздар арасында кездешип, оору жашарып жатат. Аялдар арасында сүт безинин, жатын моюнчасынын залалдуу шишиги биринчи орунда. Өлкө боюнча алганда Нарында өлүм көрсөткүчү 13,7 пайызды түзүп жатат. Кеч кайрылгандар дагы Нарында. Эгер ар бир жаран жылына эки ирет медициналык кароодон өтүп, ден соолугуна кайдыгер болбосо оору эрте аныкталып, эрте дарылоого мүмкүн”,-деди ал.
Ал эми Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун орун басары Элеман Алиев Нарын облусунда жүрөк кан-тамыр ооруларынын көрсөткүчүнөн кийинки экинчи орунда залалдуу шишик оорулары турарын билдирди. Анын айтуусунда , облус боюнча 1896 адам каттодо турса, анын 380 учуру өткөн жылы табылган. Бул илдеттен 253 адам өткөн жылы көз жумган.