DOLON MEDIA

Нарын шаарында акыркы суткада эки өрт кырсыгы катталды

Нарын шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн  акыркы суткада  калаада эки өрт кырсыгы катталганын  билдиришти.

Бөлүмдөн алынган маалыматка таянсак, бир өрт кырсыгы  Т.Жумакаева атындагы көчөдө жайгашкан үйдүн короосунда жыйылган чөптөн чыккан.  Тилсиз жоонун кесепетинен 100 боо чөп күйүп кеткен, учурда өрттүн  чыгуу себептери такталууда.

Ал эми дагы бир өрт унаанын май куюуучу бачогунан чыккан. Адистердин айтуусунда, тилсиз жоо  автоунаада өрт коопсуздук эрежесин сактабагандыктан келип чыккан.

Өрт кырсыктарын өчүрүүгө  №16 Нарын шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн эки топ  тартылган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.