Нарын шаарында киши өлтүрүүгө шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 31-январь түнү Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын тез жардам бөлүмүнүн диспетчери 102 кызматына чалып, Нарын шаарынын 64 аймагынан бир жаранды бычак менен сайып кеткендигин билдирген.
“Аталган билдирүү шаардык милиция тарабынан каттоого алынып, ыкчам тергөө тобу барган учурда Нарын шаарынын тургуну 1995-жылы туулган Т.К жана Нарын шаарынын тургуну 1995-жылы туулган К.А. экөө өз ара келишпестиктен улам уруша кетишип К.А. Т.Кны белгисиз учтуу нерсе менен сол колунун ийин тушуна бир жолу сайып жиберген.
Натыйжада Т.К. облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, алган жаракатынан улам кан көп кетип каза болуп калган. Ал эми кылмышка шектүү К.А. окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып кеткендиги аныкталган.
Окуя боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары изи сууй электе Нарын шаарынын тургуну 1995-жылы туулган К.А кармалды”-деп айтылат башкармалыктын маалыматында.
Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.