Нарындагы кооптуу аймактар көзөмөлдө
Нарын облусу боюнча табигый кооптуу кырсыктар катталып турган 597 участок бар. Булардын ичинен сел жана кыян суулары каптап кетүү кооптуулугу жогору аймактардын саны 370. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусундагы башкармалыгынан алынган маалыматка таянсак, бул жерлерде жыл сайын атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, арык, каналдарды тазалоо, сел өтмөктөрүн куруу, жеринде коопсуздандыруу боюнча иштер аткарылып турат. …