Нарын облусунун аймагында телефон шылуундарына алдаган жарандар милиция органдарына көп кайрылууда. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Байтик Мусаев маалымдады.
Анын айтымында, Нарын облусунда телефон шылуундарына 1 млн сомго чейин акча каржатын алдаткандар бар. Тилекке каршы аларды алдаган шылуундар табылып, жазасын ала элек. Себеби жабырлануучулар кеч кайрылып калышкандыктан алдамчылар изин таптырбай, акча каражаттарын өлкө аймагынан чыгырып кетишүүдө.
“Телефон шылуундарына алдангандар Нарын шаарында көп катталып жатат. Себеби айылда жашагандар Нарын шаарына келип кредит алышып, алдамчыларга терминалдар аркылуу бир млн. сомго чейин которгондор бар. Алар акчаларын бөлүп-бөлүп салышкан. Көбүнчө шылуундук менен түрмөдө отурган адамдар алектенишет. Алар акчаларды бир нече эсепке которушуп, аягы каражаттар өлкө аймагынан чыгып кетип жатат”,-деди Б.Мусаев.
Андыктан укук коргоо органдары жарандарды жеңил акча табуу тууралуу ар кандай шилтемедеги билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырууда.