7-февраль күнү Ат-Башы районунун Көк-Кыя өрөөнүндө жайгашкан Көл-Суу көлүндө “Көл-Суу керемети” деп аталган кыш фестиваль өтөт. Фестивалды Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы менен Ат-Башы райондук туристтик дестинациясы уюштурууда.
Фестивалдын жүрүшүндө экологиялык нормаларды сактоого өзгөчө көңүл бурулат. Көл-Суу көлүнүн экосистемасын коргоо үчүн зыярат кылуунун жаңы эрежелери бекитилет. Бул иш-чаралар көлдүн булганышын алдын алууга жана суу ресурстарын сактоого багытталган.
Программанын алкагында, маданий иш-чаралар өтүп, концерт жана муз үстүндө бий өнөрү көрсөтүлөт. Ошондой эл таяк тартыш, аркан тартыш, бука тартыш, жаздык чабыш сыяктуу улуттук оюндар боюнча сынактар уюштурулат. Мындан тышкары бүркүт салуу, тайган салуу, жаа атуу, каскадерлор оюндары тартууланат.
Бирок, Кел-Суу көлүнө баруучу жол татаал, абанын температурасы төмөн, көл кычкылтек азайган бийик тоолордо жайгашканын эске алуу зарылдыгы эскертилүүдө. Саякатка чыгуунун алдында дарыгер менен кеңешүү дагы сунушталат.