DOLON MEDIA

Нарында бир жылда 90 чакан ишкана ачылды

Нарын облусунда өткөн жыл ичинде өндүрүш, кайра иштетүү жана тейлөө багыттында  90 чакан ишкана ачылды. Бул көрсөткүч мурдагы жылга караганда  22 ишканага көп. 2023-жылы 70  гана жумуш орду түзүлсө, өткөн жылы 1237 жаран иш менен камсыздалган.

Өндүрүш ишканаларынын эң ириси Ат-Башы  районундагы “Нарын мото” заводу. Завод райондогу Кара-Булак участкасында курулган эл аралык соода-логистикалык борбордон орун алган. Анда кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен эки, үч, төрт дөңгөлөктүү мото техникалар куралып чыгууда.  Аталган райондогу дагы бир чоң ишкана “Ат-Башы эт” ишканасы, бул жерде суткасына 10 миң банкадан ашык продукция өндүрүлө баштады.

Ошондой эле, курулуш тетиктерин, темир-бетон, мык, тор зым түйгөн, нан чыгаруучу, этти, сүттү жана таштандыны кайра иштетүүчү ишканалар ачылды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.