DOLON MEDIA

Нарында 42 чакырым жол асфальтталды

2024-жылы Нарын облусунда 42 чакырым унаа жолго асфальт катмары төшөлүп, 269 млн сомдук жумуштар аткарылды.

Алсак 21 чакырым унаа жолундагы жумуштар  титулдук тизмеден 141 млн сомго,  ал эми  жолдун  21 чакырымы капиталдык салымдар беренесинен асфальтталып,  бул үчүн 128 млн сом жумшалган.

Жол курууда 9 жол тейлөө мекемелери иш алып барып, аларда 340  адис эмгектенет. Ал эми жол салууга өткөн жылы  38  атайын техникалар берилген.

Нарында жалпы автомобиль жолдорунун узундугу  3775  чакырымды түзүп, аны Жол чарба департаментинин Нарын обусундагы №2 -аймактык  бөлүмү тейлейт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.