DOLON MEDIA

Норвегия, Испания, Ирландия Палестинаны мамлекет катары тааныйт

Норвегия, Ирландия жана Испания 22-майда Палестинаны мамлекет катары тааный турганы жөнүндө билдирүү таратышты. Бул кадамды Израил дароо сынга алып, газалыктар кубатташты. Норвегиянын өкмөт башчысы Йонас Гар Стере “тааныбаса, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнобостугун” билдирди. Маалыматка караганда, чечим 28-майдан баштап күчүнө кирет. Израилдин тышкы иштер министри Ирландия менен Норвегиядагы элчилерин кеңешүү үчүн деген негизде токтоосуз чакыртты. Учурда Европа мамлекеттеринин арасынан Палестинанын көз карандысыздыгын Болгария, Венгрия, Кипр, Мальта, Польша, Румыния, Швеция, Словакия жана Чехия тааныйт. Жалпысынан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 193 мамлекеттин 143ү Палестинаны өз алдынча мамлекет деп эсептейт. Арасында Кыргызстан да бар. Бишкек Палестинаны мамлекет катары 1995-жылы тааныган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.