DOLON MEDIA

Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт

Чукул билдирүү: Кыргызгидромет борбору 24-27-май күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы туруксуз болорун эскертип,  жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганын билдирди. 27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында үшүк жүрүшү мүмкүн. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар.

23-майда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 20…22° болот.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.