DOLON MEDIA

Bild: Иран Орусияга алгачкы жолу жаңы үлгүдөгү авиабомбаларды берди

Иран алгачкы жолу Орусияга жаңы, башкарылуучу авиабомбаларды берди. Бул тууралуу Bild басылмасы өзүнүн аскердик талдоочусу Юлиан Рёпкеге шилтеме кылып кабарлады. 25-майда Курск облусунда Иран өндүрүшүндөгү Mohajer-6 учкучсуз учуучу аппараты кулап түшкөн жерде тартылган видеону анализдеп чыккан Рёпканын пикиринде, ал дрондун бортунда Ирандын Qaem-5 үлгүсүндөгү жаңы, башкарылуучу авиабомбасы болгон. Болжол менен ал учкучсуз учуучу аппарат Украинанын Сумы облусуна чабуул жасашы керек болчу. Бирок белгисиз себептерден улам көздөгөн жерине жетпей, кулап түшкөн. “Би-Би-Синин” орус кызматы белгилегендей, Курск облусунда кулап түшкөн дрондун канаттарынын алдындагы бомба Ирандын Mohajer-6 жана Hamaseh учкучсуз учуучу аппараттарында колдонулушу мүмкүн болгон кичи радиустагы Qaem-5 авиабомбасына өтө окшош. Ирандын аскердик инженерлери тарабынан иштелип чыгып, өлкөнүн Куралдуу күчтөрү 2019-жылдан тарта колдоно баштаган Qaem-5 авиабомбасы телевизиондук мээлөө мүмкүндүгүнө ээ болуп, дүрмөттөрдүн түрдүү типтери менен жабдылат. Бомбанын учуу аралыгы 40 чакырымга чейин жетет. Орусия Mohajer-6 дрондорун (авиабомбасыз) Украинада 2022-жылдын август айында колдоно баштаганын The Washington Post басылмасы жазган. Рёпканын айтымында, орус армиясынын Qaem-5 бомбасын колдонуп жатышы – Иран менен Орусиянын аскердик кызматташтыгынын жаңы деңгээлге чыкканын көрсөтүүдө.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.