DOLON MEDIA

Иран

Bild: Иран Орусияга алгачкы жолу жаңы үлгүдөгү авиабомбаларды берди

Иран алгачкы жолу Орусияга жаңы, башкарылуучу авиабомбаларды берди. Бул тууралуу Bild басылмасы өзүнүн аскердик талдоочусу Юлиан Рёпкеге шилтеме кылып кабарлады. 25-майда Курск облусунда Иран өндүрүшүндөгү Mohajer-6 учкучсуз учуучу аппараты кулап түшкөн жерде тартылган видеону анализдеп чыккан Рёпканын пикиринде, ал дрондун бортунда Ирандын Qaem-5 үлгүсүндөгү жаңы, башкарылуучу авиабомбасы болгон. Болжол менен ал учкучсуз учуучу аппарат Украинанын …

Bild: Иран Орусияга алгачкы жолу жаңы үлгүдөгү авиабомбаларды берди Толугу менен »

Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланып, президенттин кызматын аткаруучу дайындалды

Иранда президенттин жана бир катар жетекчилердин өмүрүн алган окуядан кийин аза күтүү күндөрү жарыяланып, мамлекет башчынын милдетин аткаруучу дайындалды. Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи бүгүн 20-майда беш күндүк аза күтүү жарыялап, маркумдардын жакындарына көңүл айтты. Анын билдирүүсүн мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу окуп берди. Хаменеи ошондой эле биринчи вице-президент Мохаммад Мохберди президенттин кызматын аткаруучу кылып …

Иранда беш күндүк аза күтүү жарыяланып, президенттин кызматын аткаруучу дайындалды Толугу менен »

Иранда белгилүү рэпер өлүм жазасына кесилди

Иран бийлиги белгилүү рэпер Томаж Салехини өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу шаршембиде Reuters агенттиги билдирди. Салехи 2022-2023-жылдары жапырт нааразылык акцияларына катышканы үчүн жазаланууда. Артист ырларында жана эл алдында сүйлөгөн сөздөрүндө митингчилерди колдогон. Салехи 2022-жылы октябрда камакка алынган. 2023-жылы Ирандын Жогорку соту аны алты жыл үч айга эркинен ажыраткан. Бирок Исфахан шаардык соту Жогорку …

Иранда белгилүү рэпер өлүм жазасына кесилди Толугу менен »