DOLON MEDIA

Ортопедиялык буюмдарды кайдан табуу керек?

КР нын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин директору Ализа Карыпбекованын айтымында мекеменин республика боюнча 13 миң кардары бар. Анын айтымында алар пациенттерге бандаж, корсеть, балдак, таяк, колу-буттун протезин ортопедиялык бут кийимдерди, батектерди жеке ошол киши үчүн жасап бере алышат. Региондорго жылына бир барышып буюрутмаларды алган соң кышкы жана жайкы маалга бут кийим, батектерди даярдалып, өз даректерине жөнөтүлөт.

Жакында июнь айында Нарын облусунда болуп келишти. Аталган мамлекеттик мекеме кардарларына буюрутмаларды жеңилдетилген жол менен жасашат. Шал оорулуу балдар үчүн да бут кийим бар. Адистердин айтымында буту колу жоктордун 50% кант диабети оорусу менен ооругандар түзүшөт. Ошондуктан адистер ооруну алдын алууну эскертишет. Андан сырткары балдардын бутунун ийрисин кыйшайуусун 12 жашка чейин түздөөгө болоорун эскертишет. Ал эми эл арасында көп кездешкен май тамандуулукту болтурбоо үчүн эже-сиңди, байке-иниге бут кийимдерин кийгизе берүүнү сунуштабайт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.