DOLON MEDIA

Ат-Башы: “Биз биргебиз!”

3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата “Биз биргебиз!” ураанынын алдында жарыяланган  бир айлыктын алкагында К.Мамбеталиев атындагы орто мектепте райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын салтанаттуу иш чарасы өткөрүлдү.

Бул иш чарага райондун жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров, айрым мекеме-ишканалык жетекчилери, ишкерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, калктын аялуу катмарындагы жарандарга моралдык жана материалдык колдоолор көрсөтүлүп келе жаткандыгы айтылды.

Алардын колунан жасалган буюмдардын  жана тарткан  сүрөттөрүнүн  көргөзмөлөрү көрсөтүлдү. Андан соң райондук маданият үйүнүн жана Ж.Шералиев атындагы балдардын искусство мектебинин кызматкерлеринин биргелешип даярдаган концертинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар өнөрлөрүн тартуулашты.

Салтанаттын жүрүшүндө ырчылар, көркөм окуу, кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу, жазма акындык номинациялар боюнча жыйынтык чыгарылып, салтанатка катышкан 40тан ашык жарандарга дипломдор, акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.