DOLON MEDIA

Акысыз видеоредакторлор

Айрым учурда эс алууданбы, же кайсы бир иш-чараданбы тартылган видеолордун негизинде кыска видео клипти жасоо зарылчылыгы пайда болуп калат. Акысыз, колдонууда жеңил видеоредакторлордун тизмегин сунуштайм.

Clipchamp – онлайн видеоредактор, башкача айтканда аны копьютерге жүктөөнүн кереги жок, браузерде ачып иштей берсе болот. Анын акысыз тарифинде туурасы 720 пикселге чейинки видеолорду жүктөп алганга мүмкүнчүлүк берет. Бул өлчөмдөгү видеолордун сапаты компьютерде же ноутбукта көрүүгө жетиштүү.

Интерфейси жөнөкөй, түшүнүктүү. Эң негизгиси — ал орус тилинде. Англис тилин жакшы билбегендерге бул эң жакшы жаңылык.Видеону кессе, айлантса, түстөрүн өзгөртсө болот. Ошондой эле ар түрдүү фильтрлер, кадрлардын алмашуулары бар. Видеого текст кошсо да болот.

Бул программа менен иштегиси келгендер үчүн менин жабык каналыма (https://t.me/zholvip_bot) атайын видео сабакты жүктөмөкчүмүн.

WeVideo – мүмкүнчүлүктөрү жогоруда айтылган Clipchamp онлайн кызматынан кем эмес дагы бир онлайн видеоредактор. Бир гана анда акысыз видеону 480р форматында гана жүктөсө болот жана жүктөлгөн видеого бул онлайын кызматтын эн тамгасы коюлат.

OpenShot – Windows, macOS, Linux платформаларындагы түзүмдөргө жүктөп иштөөгө эсептелген программа. Ал башка видеоредакторлорго салыштырмалуу колдонууда жөнөкөй жана мүмкүнчүлүктөрү жаман эмес редактор. Бир гана редактордун ага күч келгенде катып калмай адаты бар. Анда аны өчүрүп кайрадан жандырып иштөөгө туура келет. 🙁

Bolide Movie Creator – дагы бир жөнөкөй видеоредактор. Ал видеону жөндөгөндү жаңыдан үйрөнүп жаткандарга ыңгайлуу. Аны акысыз жүктөп алып, каалаган көлөмдөгү видеолорду жасаса болот. Видеону жасалгалоо мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү. Бир гана чоң кемчилиги — даяр видеолорго эн тамгасы коюлат. Аны алып салыш үчүн программаны сатып алуу керек.

Видео менен иштегенди жакшылап өздөштүрүп алгандан кийин төмөнөгү акысыз, бирок мүмкүнчүлүктөрү кесипкөй программалардан кем болбогон редакторлорго көңүл бурсаңар болот:

VideoPad Video Editor

Shotcut

DaVinci Resolve 17

“ЖОЛ” каналы (Телеграмда)

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.