Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди
Бүгүн, 30-декабрда саат 03:52де кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында Нарын шаарынан 155 чакырым түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан. Калктуу конуштарда жердин силкинүүсү сезилген эмес.









