DOLON MEDIA

500гө жакын милиция жана элдик кошуундар коопсуздукка тартылат

Ушул жылдын  30-декабрынан баштап 2025-жылдын 2-январына чейин  Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана райондук, шаардык  бөлүмдөрү жаңы жылга карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

Коомдун коопсуздугун сактоодо жалпы 500дөй тартип сакчылары жана элдик кошуундар тартылат.

Бүгүн, 27-декабрда Нарын ОИИБнын, шаардык жана Нарын райондук бөлүмүнүн өздүк курамы, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү, Күзөт кызматынын курамы   Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта горнизондук сапка тизилип, жаңы жылда коопсуздукту камсыздоочу топтордун даярдыктары каралып, бир катар тапшырмалар берилип, буйруктар менен тааныштырылды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.