ДСУ: Куш тумоосу эпидемияга айланбайт
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму куш тумоосунун калк үчүн коркунучу төмөн деп баалоодо. Бул тууралуу Еuronews маалыматына таянып, “Кабар” маалымат агенттиги жазды. Маалыматта белгиленгендей, АКШда куш тумоосунан адамдын каза болгон бир учуру кабарлангандан кийин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму калк үчүн илдеттин коркунучу “төмөн” экенин билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун басма сөз катчысы Маргарет Харристин пикиринде, ооруну …









