Бүгүн, 26- декабрда М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Жаңы жылдык баласы өттү. Ага көп балалуу аз камсыз, колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн, ата-эне камкордугунан ажыраган, майыптыгы бар жана окуусунан, спорттон ийгилик жараткан 260 бала чакырылган.
Өкүлдүн резервдик фондунан 370 балага жаңы жылдык белектер даярдалган. Бул үчүн 570 миң сом бөлүнгөн. Ал эми “Кумтөр Голд Компани” жабык акиционердик коомунан 200, кыргыз-кытай биргелешкен ” Жонг Жи Майнинг” компаниясы тарабынан 100 балага белектер даярдалган.
Салтанатта театрдын өнөрпоздору даярдаган “Селсаяк музыканттар” жомогу тартууланып, таланттуу балдардын ыр- бийлери менен коштолду.