Бүгүн, 27-декабрдан баштап Балыкчы-Кочкор унаа жолунун айрым тилкелери жардыруу иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын билдирүүсүнө ылайык, “Балыкчы-Кочкор” темир жол куруу долбоорунун алкагында долбоорлонгон темир жол тилкесинин 37-чакырымдан 43-чакырымга чейинки аралыгы аска таштарды бойлоп өткөндүктөн, бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу 2024-жылдын 27-декабрынан баштап 2025-жылдын 27-январына чейин Балыкчы-Кочкор унаа жолунун 39+90-чакырымынан 42+90-чакырым аралыгы Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки бөлүгү аталган аймакта адамдардын коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктарды алдын алуу максатында мезгил-мезгили менен жумасына үч ирет дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 08-00-17.30га чейин жабылат.