DOLON MEDIA

Мергенчилер ок атуу боюнча сабактан өтүштү

Нарын шаарындагы мергенчилерге ок атуу боюнча сабак өтүлдү.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмү калаадагы  мергенчилер менен жолугушуу уюштуруп, ок атуу боюнча сабактарды өткөрдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, иш-чаранын алкагында мергенчилерге ок атуучу куралдарды сактоо жана алардын колдонуу мөөнөттөрүн узартуу боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле, куралдарды пайдаланууда жана сактоодо коопсуздук чараларын так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, 2010-жылдын апрель-июнь окуяларында жоголгон же уурдалган куралдар тууралуу маалымат болгондо, аны ички иштер органдарына кабарлоо зарылдыгы дагы эскертилди.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар полигонго барып, мишеньге так атуу боюнча практикалык сабактардан өтүштү.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.