Нарын шаарында “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун эки мүчөсү кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын ОИИБнын Экстремизмге жана мыйзымсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана УКМКнын Нарын облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн жашаган үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү жана тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен 10 уюлдук телефон, 56 китеп, 5 дептер, 14 брошюра алынган.
“Алынган буюмдар Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматына экспертиза дайындалып, корутундусуна ылайык, изилдөөгө берилген материалдан Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адабияттар орун алган. Адабияттарда Хизбут-Тахрир уюмунун негизги идеологиясы болгон халифат мамлекетин куруу зарылчылыгы, халифалык мамлекетинин конституциясы, башкаруу, билим берүү, финансы системасы жөнүндө кеңири баяндалган маалыматтар камтылганы аныкталган. Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иши боюнча Нарын шаарынын тургундары 1969-жылы туулган жана 1987-жылы туулган жарандарга кылмыш курамы менен айыбы угузулуп, Нарын шаардык сотунун чечими менен камакка алынды”,-деп айтылат маалыматта.