DOLON MEDIA

Сот Назарбаевдин инисин абактан шарттуу түрдө бошотуудан баш тартты

Чыгыш Казакстан облусунун соту Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыны шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартты.

Сотто Кайрат Сатыбалдынын абактан шарттуу түрдө бошотуу боюнча доо арызы каралды.

BES.media Телеграм каналынын маалыматына ылайык, судья соттолгон адам буга чейин эреже бузганын жана туруксуз жүрүм-туруму бар экенин айткан. Ошондуктан сот эркинен ажыратуу жазасын эркиндигин чектөө менен алмаштыруудан баш тартты.

Өткөн аптада башкы прокурордун орун басары Асет Чиндалиев Астанада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалды мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу боюнча арыз жазганын тастыктаган. Чиндалиев «соттолгон ар бир адам арыз менен кайрылууга укуктуу», деп билдирген. Ал жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар, адам өлүмүнө алып келген террористтик жана экстремисттик кылмыштар үчүн гана шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча чектөөлөр бар экенин айткан. Өткөн жылдын сентябрь айында Кайрат Сатыбалды шериктери менен бирге 40 миллиард теңгеге жакын акчаны уурдаган деген айып менен алты жылга эркинен ажыратылган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.