DOLON MEDIA

Президент чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтты

Президент Садыр Жапаров 18-майга караган түнү Бишкекте болгон чуулгандуу окуяга байланыштуу алгачкы кайрылуусунда “эгерде мындан ары ушундай окуя кайталанса, укук коргоо органдары дароо күч менен тарката турганын” айтып, чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын убада кылды. “Албетте, башталышында студенттер жашаган жерлерге барып кол салып жиберген тентектер болду. Аларды өз убагында токтотуп калганга жетиштик. Эми алардын баары өз жазасын сөзсүз алышат. Биз укуктук мамлекетти кура алдык. Эми тартипти орнотобуз. Тартип болбосо, кандай гана мамлекет болбосун, өнүгүү болбойт. Кылмышкерлерди өзүм билемдик менен жазалоого жол берилбейт. Жазалоо үчүн сот бар, бийлик бар. Биз бул жолу ушул окуядан чоң сабак алдык. Эл дагы сабак алып, эми мындан ары мындай чакырыктарга, чагымчылдыкка оор басырык, сергек ой жүгүртүү менен анализ жасап, дароо эле дүрбөп чыга калбайт деп ишенебиз”, – деди президент. Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөгө келген чет элдиктерге сый мамиле кылуу керек экенин кошумчалап, бул инвестиция, туризм тармагына пайда алып келерин айтты.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.