DOLON MEDIA

С. Жапаров

Президент чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтты

Президент Садыр Жапаров 18-майга караган түнү Бишкекте болгон чуулгандуу окуяга байланыштуу алгачкы кайрылуусунда “эгерде мындан ары ушундай окуя кайталанса, укук коргоо органдары дароо күч менен тарката турганын” айтып, чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын убада кылды. “Албетте, башталышында студенттер жашаган жерлерге барып кол салып жиберген тентектер болду. Аларды өз убагында токтотуп калганга жетиштик. Эми алардын …

Президент чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартыларын айтты Толугу менен »

“РСК Банк” “Элдик банк” деп өзгөртүлүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга көмөктөшөт

“РСК Банк” (“Расчетно-сберегательная компания” – “Эсептешүү-сактык компаниясы”) ачык акционердик коому “Элдик банк” деп өзгөртүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында жазды. Мамлекет башчы үй-жайы жок жарандарды турак жай менен камсыздоо иш аракеттеринин алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) менен “РСК Банктын” банкын бирге иштетүү чечими кабыл алынганын, аны менен чогуу банк башкача аталышта иштөөгө өтөрүн …

“РСК Банк” “Элдик банк” деп өзгөртүлүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга көмөктөшөт Толугу менен »