DOLON MEDIA

Бишкекте Ататүрк паркындагы үйлөрдү бузууга каршылар чогулду

Ататүрк паркындагы муниципалдык жерге мыйзамсыз курулган чарбалык курулуштар жакынкы күндөрү бузулат. Аталган иш парктын аймагына салынган курулуштарды бузуу иштеринин биринчи баскычы болмокчу. Бул тууралуу Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев Ататүрк паркынын мурдагы аймагына салынган үйлөрдү бузуу чечимине каршы чогулган эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын сөзүнө караганда, экинчи баскычка ылайык, парктагы турак жайлар курулган жерлерди сейил бакка кайтаруу боюнча сотко 90 доо арыз даярдалды. Анын ичинен 19 доо арыз сотко жиберилди. Жаныбек Орозалиев үйлөрдү бузуу боюнча иш сот чечимине жараша жүрөрүн айтты. Бишкектин Ататүрк паркынан буга чейин үй курууга берилг ен жерлерге салынган үйлөрдүн бузулушуна каршы тургундар 20-май күнү парктын күн чыгыш тарабына чогулду. Алар мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, жеке менчик укугун коргоп берүүнү суранып жатышат. Алар мурдагы мэрлердин чечимдерин жокко чыгарып, үйлөрдү бузуу туура эмес деп эсептешет. Чогулгандар үйлөрдү өз акчаларына сатып алышканын, бийликтин чечимдери ырааттуу болушу керектигин айтышууда. Бишкек мэриясы Ататүрк паркындагы курулуштарды бузуу иштери 20-майдан тарта жүргүзүлөрүн кабарлаган. Ататүрк паркынын аймагынан менчик турак жай куруу үчүн жерлер 2000-жылдардын башынан тарта мурдагы мэрлердин чечими менен бөлүнө баштаган. Бирок азыркы мэр сейил бактагы 198 объект мыйзамсыз курулган деп эсептейт. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев 16-апрелде Ататүрк паркынан турак жай курууга жер берүү боюнча мурдагы мэрлердин колу коюлган 124 токтом жокко чыгарылганын билдирген.

Ошондой эле 1992-жылы 25-июндагы № 225 токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон. Ага ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.