Иранда президенттин жана бир катар жетекчилердин өмүрүн алган окуядан кийин аза күтүү күндөрү жарыяланып, мамлекет башчынын милдетин аткаруучу дайындалды. Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи бүгүн 20-майда беш күндүк аза күтүү жарыялап, маркумдардын жакындарына көңүл айтты. Анын билдирүүсүн мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу окуп берди. Хаменеи ошондой эле биринчи вице-президент Мохаммад Мохберди президенттин кызматын аткаруучу кылып дайындады. Ислам жумуриятынын мыйзамдарына ылайык, президент каза болсо анын милдетин биринчи вице-президент аткарат. Парламенттин спикери, сот тармагынын жетекчиси жана биринчи вице-президент кирген кеңеш 50 күндүн ичинде жаңы шайлоо дайындоого тийиш. Иранды 2021-жылдын 3-августунан бери башкарып келген Эбрахим Раиси кечээ 19-майда тик учак кырсыгында каза болгону расмий жарыяланды. Раиси жана Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү, жалпысынан сегиз киши бараткан тик учак Азербайжан менен чек арадан кайтып келатып байланышка чыкпай калган. Тик учактын кыйроосунан аман калгандар жок экени 20-майда расмий кабарланды
![](https://dolon.kg/wp-content/uploads/2024/05/01000000-0a00-0242-76a9-08dc7805ca3b_cx1_cy26_cw98_w1080_h608.webp)