DOLON MEDIA

Ош, Жалал-Абад облустарында селдин кесепетин жоюу иштери уланууда

20-21-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында, Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ошто бир киши каза тапканы кабарланган. Селден улам Ош облусунда чукул кырдаал киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын, ал үчүн министрликтин жер-жерлердеги башкармалыктарынын кызматкерлери, куткаруучулар жана атайын техникалар иштеп жатышканын маалымдады. Ошондой эле жергиликтүү тургундардан да ыктыярчылар тартылууда. 22-апрелде Нарын облусунда да жамгыр жаады.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.