Атайын кызмат «бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп шектелип, издөөдө жүргөн ишкер Панфилов районунун Кайыңды айлында кармалганын кабарлады. Учурда тергөө жүрүп жатат. 10-январда УКМК “KG Group” курулуш компаниясынын жетекчиси Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.
![](https://dolon.kg/wp-content/uploads/2024/04/1081865503_193_113_1280_724_1920x0_80_0_0_0b1b078f9d0288eae14ca9eddfd655ef.jpg)