DOLON MEDIA

Нарында УКМКнын ремонттолгон имараты ачылды

Президент Садыр Жапаров 21-декабрда Нарынга жасаган иш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин аймактык башкармалыгынын жаңыланган имаратын ачты. Ал Коопсуздук кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын жигердүү жана кесипкөй иши өлкөнүн коопсуздугун сактап, элдин тынч эмгектенүүсүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи. “Мен сиздерге ушундай басыгыңардан жазбай, эл-жерибиздин бейпилчилиги үчүн ак кызматыңыздарды уланта бересиздер деп бекем ишенем”, – деди ал. Садыр Жапаров Коопсуздук кызматынын Нарын башкармалыгынын имаратын 35 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн айтты. Мындан ары башкармалыктын иши жакшырат деген ишенимин билдирди. Ал декабрь айынын башында УКМКнын Баткендеги башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышкан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.