DOLON MEDIA

Нарын шаарында арык жана жөө адамдардар басуучу жол шаардык менчикке өттү

Нарын шаардык басма сөз кызматы билдиргендей 22-декабрда шаардын РТС чөлкөмүндөгү эки объект муниципалдык менчикке өткөрүлүп алынды.

Нарын шаардык мэриясы жана MSDSPKG коомдук фонду менен кызматташтыктын алкагында РТС аймагына салынган 600 метр узундуктагы чоң арык жана Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасынын алкагында жасалган С. Качкынова жөө адамдар жолу муниципиалдык менчикке өткөрүлүп алынды.

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, MSDSPKG коомдук фондунун жетекчиси, Нарын шаарынын туруктуулгунун жогорулатуу программасынын кызматкерлери жана аталган кичи долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун катышуусунда долбоорлор өткөрүлүп алынып, каржылаган донорлорго ыраазычылык билдирилип, эки тараптуу кызматташуунун алкагында дагы башка маселелердин үстүндө иш алып баруу сүйлөшүлдү. Шаар башчысы РТС аймагына салынган арыкка катарлаш тротуар жана волежол салынаарын билдирди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.