DOLON MEDIA

Нарын шаарындагы акыркы согуштун ардагери дүйнө салды

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Нарын облусунун “Ардактуу атуулу”, Нарын шаарынын тургуну 101 жашында  Тукеш Токтомушев 21-декабрда дүйнө салды. Т. Токтомушев 1923-жылы, Тянь-Шань районуну Калинин колхозундагы Ворошилов айылында жарык дүйнөгө келген. 17 жаш курагында Улуу Ата мекендик согушка чакырылган.1943-жылы денесинен жаракат алган, 1944-жылы кайра фронтко чакырылып, Ыраакы Чыгышта кызмат өтөгөн. 1945-жылдын февраль айында ден-соолугуна байланыштуу аскердик кызматтан чакыртылып, өзү туулуп өскөн айылына келип, оорукта кызмат өтөй баштаган. Тукеш Токтомушев Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин 1948-жылы Россия Федерациясындагы Омск шаарында «СоюзЗаготЗерно» индустриалдык техникумунда билим алып келген. 1949-1954-жылдары Тянь-Шань облустук даярдоо конторасында жетекчилик кызматты аркалаган. 1972-жылы Ат-Башы районунун климаттык шартынын оордугун эске алуу менен КыргызССРде биринчи жолу Түндүк полюсуна ылайыкталган кышкысын жылуу 100 автомашинага эсептелинген автобаза курулуп, курулушту толугу менен бүтүрүп, өткөрүп алган.

1970-1973-жылдары Ат-Башы райондук аткаруу комитетинин бюро мүчөсү, Ат-Башы райондук XXV-XXVI чакырылыштардагы жергиликтүү кеңешинин депутаты болгон. 1976-жылдан тартып Нарын облустук «НарынДанАзык» НКХП комбинатынын директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Тукеш Токтомушевдин эмгеги учурунда бааланып, В.И.Лениндин 100 жылдыгына арналган юбилейлик медалы, “Эмгектин ветераны” наамы, Улуу-Ата мекендик согуштун 60 жылдыгына карата Россия Федерациясы тарабынан «Г.К.Жуков» атындагы медаль жана башка бир катар сыйлыктар менен сыйланган. 1954-жылы Жаңы жерди өздөштүрүү боюнча Кыргызстан Борбордук Комитетинин жолдомосу менен Чуй облусунун Суусамыр өрөөнүндө дың жерлерди өздөштүрүүгө активдүү катышып эмгеги бааланып СССР Жогорку Кенешинин «Ардак грамотасы» менен сыйланган.1962-жылдан тартып Советтер Союзунун коммунистик партиясынын мүчөсү болгон.

1958-1966-жылдары Жол жана транспорт министирлигинин жолдомосу менен Ак-Талааавтобазасын уюштуруп, 8 жыл жетектеген.

1966-1975-жылдары Ат-Башы автобазасында жетекчилик кызматты аркалаган.

Биздин сайт Т. Токтомушевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөт.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.