DOLON MEDIA

Нарын облусунун Ат-Башы районунда фермер айым жакшы жетишкендиктерге жетишүүдө

Фермер айымдын иши менен район акими Эмил Абдыкадыров жеринен барып таанышканын аталган райондук админстрациясынын маалымат кызматы билдирди.Ат-Башы айылынын тургуну Батаева Бурул 20 жылдан бери мал чарбачылык менен алектенип келет. Учурда бодо малга басым жасап, 10 саан ую жана 5 торпокту багууда. Алардын арасында 4 уй сүт багытындагы породалуу уй.

Мал сарайды салууга 600миң сомдой каражат сарпталган. ЮСАИД, Ага Хан фондунун долбоорлорунан 280 миңге курулуш материалдарын алып беришсе, 300 миңден ашыгын фермер айым өзү чыгарып, бүгүнкү күндө 10 бодо малга ылайыкталган типтүү сарай салды. Алдыда дагы ушундай мал сарай куруп, сапаттуу бодо малдын санын көбөйтүүнү максат кылууда. Мындан сырткары, фермер бул короодон чыккан кыктан силлос жер семиркичин даярдап чыгаруу аракетин көрүүдө. Район акими Эмилбек Абдыкадыров фермердин бул аракетин баалап, ишине ийгилик каалады. Сандан сапатка өтүү учур талабы болуп жатканын дагы кошумча сарай куруп, породалуу, киреше алып келген бодо малдардын санын көбөйтүүгө жана аларга тоют жемдерин чыгарууга аракеттер жасалышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле фермердин ишин колдоого алган Ага Хан  ЮСАИД фонддоруна ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.