DOLON MEDIA

Учурда медиалар эмнеге умтулушу керек?

Июндун башында Бишкекте “Медиа Топтоо” деген аталыштагы чоң медиа форум өтүп, анда мага “Аймактык журналистиканы өнүктүрүү” деген сессияга спикер катары катышып берүүнү суранышты эле. Бул иш-чараны уюштурган Интерньюс уюму форумдун жыйынтыгы боюнча чоң материал даярдаптыр. Макалада менин сессияда сүйлөгөндөрүм да бар экен:

Мен "Медиа Топтоодо" спикер катары
Мен “Медиа Топтоодо” спикер катары

Марат Токоев, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин өкүлү, медиа-тренер:

Медиа тармагында чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Медиалар өнүгүү жолдорун издеп жатышат. Экономикалык кризис, ага пандемия да кошул-ташыл болуп кетти. Медиалар, негизинен, рекламадан каржы таап, жашап келишет. Аларды колдогон ири ишканалар деле экономикалык татаалдыктарды баштан кечирип жатышат. «Акча акчага тартылат» дегендей, мындайда ири компаниялар өнүгүп жатат, орто жана чакан компаниялар кыйчалыш учурга кабылды. Баары ар кандай жолдорун издеп жатышат. Бул – өз окурмандарын, угарман-көрөрмандарын тартуу аракети. Элдик каржылоо – краудфандинг деген бар. Эл өзү жактырган, жашап кетсин деген медиаларга каржылай салым кылып жатат. Топтолгон каражат менен көп нерсе баштап, жасап коюуга мүмкүн, бирок дагы кыла турган көп иштер бар. Ошондуктан окурмандардан такай акча түшүп туруунун башка жолдорун да издеп жатышат. Мисалы, жазылуу системасы. Ал жалпы материалдарга, же кайсы бир темадагы материалдар үчүн болушу мүмкүн.

Экинчи жагы – медиалардын чыгымдарды азайтуусу. Анын түрдүү жолдору бар, бул – классикалык медианын жолунан кетүү. Интернет, IT-технологиялар өнүгүп жатканда бул ага мүмкүнчүлүк берет. Офиси жок, интернетте эле иштеп, IT мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга аракет кылыш керек. Бизде аз гана ири чыныгы медиа жашаганга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок ири медиалар аймактык жаңылыктарга көңүл бурбашы мүмкүн. Мындайда чакан медиалар ошол боштукту толтурса болот.

Дагы бир жагы – окурмандардын табитине, кызыгуусуна туура келген форматтагы материалдарды даярдоо.

Интерньюстун макаласын толугу менен бул жерден окуй аласыздар.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.