DOLON MEDIA

Айлана-чөйрөнү таштандылардан арылтуу акциясы баштады


Нарын облусунун калктуу конуштарынын санитардык жана экологиялык абалдарын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, бак-дарактарды тигүү, парк, скверлерди уюштуруу боюнча үч айлык акция жарыяланды.

Анын алкагында, 18-марттан башап  Нарын облусунун бардык аймактарында ишембиликтер өткөрүлүп, айлана-чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү иштери жүргүзүү колго алынды,-деп билдирди Президенттин Нарындагы өкүлүнүн маалымат кызматынан.

“Ишембиликке облус жетекчиси Алтынбек Эргешов баш болуп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын жана бардык мекеме-уюмдардын кызматкерлери активдүү катышууда. Ошондой эле жалпы коомчулукту, облусубуздун жалпы тургундарын тазалык жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү акциясына жигердүү катышууга чакырабыз”,-деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.