DOLON MEDIA

Жарандардын көңүлүн тазалыкка буруу максатында жаныбарлар ишембиликке чыгышты


Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн жамааты жаныбарлардын образында ишембиликке чыгышып, айлана-чөйрөнү таштандылардан арылтышты.

Алар  мындай образ менен жарандарга жакшы маанай  тартуулоо менен шаардын тазалыгына ар бир жаран салым кошуп жана жалпы ишембиликке  жашоочулардын көңүлүн бурдуруу максатында чыгышканын  Нарын шаардык мэриясынын маалымат катчысы Нурзада Мукашова  билдирди.

Жаныбарлардын кийимин кийген маданият кызматкерлери өзөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалоодон сырткары шаар аралап, жашоочуларды айлананы таштандыдан тазалоо иштерине  катышууга чакырып, түшүндүрүү иштерин да алып барышты.

Айлана-чөйрөнүн санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу үчүн атайын график түзүлүп, Нарын шаарында  ишембиликке чыгуу боюнча облустук, шаардык, райондук  мекеме, ишканаларга жана соода түйүндөрүнө  тиешелүү аймактар бөлүштүрүлүп, аларды көзөмөлдөө бирден кызматкерге милдеттендирилди.  Мындан тышкары чөлкөмүндөгү бардык мекемелер, окуу жайлар , соода түйүндөрү өздөрүнүн мекемесинин айланасын таза кармоо эскертилүүдө.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.