DOLON MEDIA

Сурамжылоо: Нарында саркынды сууну тазалоочу жайга жакын жашаган тургундардын ден соолугу начар

Нарын шаарындагы саркынды сууну тазалоочу жайга жакын жашаган тургундардын көпчүлүгүнүн баштары ооруйт. Бул тууралуу  “Нарын шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын абалы жана экологияга тийгизген таасири” деп аталган долбоор жана “НурЖолБер” коомдук бирикмеси тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду.

Ага ылайык, сурамжылоого сууну тазалоочу жайга жакын жашаган 18 жаштан 70 жашка чейин 60 тургун катышкан. 

Долбоордун координатору Нурлан Тобокеловдин айтымында, сурамжылоого катышкандар экологияга байланыштуу эки көйгөйдү белгилешкен.

“Ал саркынды суулардын жагымсыз жыты жана таштанды маселеси. Ошондой эле,  суунун жагымсыз жыты ден соолука зыян экенин жана көп учурда башты оорутканын,  дем алуу ооруларына таасир берип жатканын белгилешти. Өзгөчө жагымсыз жыт жылдын жылуу мезгилдеринде  дайыма сезилгенин баардык катышуучулар айтышты”,-дейт ал.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.